«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
9-МАЙ Эразмус+ программасы боюнча билдирүү

Көрүлдү: 0

Эразмус+ бул Европа Биримдигинин 2021-2027-жылдарга билим берүү, кесиптик даярдоо, жаштар жана спорт алкагындагы программа.

post.title

 

Программанын таасирдүү эл аралык камтуу өзгөчөлүгү бар, ал Европанын 33 өлкөсүнө окууга жана окутууга келген дүйнө жүзүндөгү студенттер жана университет кызматкерлери үчүн стипендияларды каржылайт. Ошондой эле, бул программа дүйнөнүн аталган 33 жана башка өлкөлөрүндө билим берүү тармагындагы кызматташуу долбоорлорун каржылайт.

Erasmus+ сизге Европага барып билим алып окууга жардам берет

Эразмус+ бүткүл дүйнө жүзүндөгү жогорку билим алып жаткан студенттерге, институт кызматкерлерине жана жогорку окуу жайларына бир катар мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Магистирдик даража алуу үчүн окуунун толук программасын бүтүргүңүз келеби?

➢ Эл аралык жогорку окуу жайларынын консорциуму тарабынан сунушталган Эразмус Мундустун биргелешкен магистрдик программаларынын бирине стипендия алуу үчүн колдонмо берип же өзүн-өзү каржылаган студент катары катталып кайрылсаңыз болот.
➢ Программанын алкагында сиз минималдуу эки башка (же андан да көп) европалык өлкөдө окуйсуз жана окууну аяктагандан кийин биргелешкен же кош/көп тараптуу магистрдик даражага ээ болосуз.
➢ Европа Биримдиги тарабынан каржыланган стипендия жол кире/саякат, виза, алгачкы тиричилик жана жатакана чыгымдарын камтыйт.

Өтүнмө арыз түздөн-түз консорциумга берилет, ал жерде стипендияны конкурстук тандоо жолу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген талапкерлер үчүн ачык жүргүзүлөт.

Окуу программаларынын тизмесин бул жерден тапсаңыз болот:

EMJMD каталогу (https://europa.eu/!wM48mp)


Илимий-изилдөө иштерине кызыгасызбы?

Өтүнмө арызды докторантуранын, аспирантуранын стипендиясына же андан башка изилдөө гранттарына тапшырыңыз, алар Европалык Биримдиктин «Horizon Europe» изилдөө жана инновация алкактык программасынын бир бөлүгү болгон Мари-Склодовска Кюри (Marie Skłodowska-Curie) программасы аркылуу жеткиликтүү.

Сиз өз өлкөңүздө диплом алууда, Европада окуганыңыз же стажировкаңыз эске алынышын каалайсызбы?

➢ Сиздин университетиңиздин Erasmus+ программасынын алкагында европалык университеттер менен кызматташуу келишимдери болушу мүмкүн. Бул учурда, сиз окуу мезгилинин бир бөлүгүн (бакалавр, магистратура, докторантура үчүн) Европадагы өнөктөш билим берүү мекемесинде өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү 2 айдан 12 айга чейин1 (же айкалышкан мобилдүүлүктө 5 күндөн 30 күнгө чейин) кыска мөөнөттүү мобилдүүлүк грантына кайрыла аласыз. Сиздин европалык кабыл алуучу мекемеңиздеги академиялык жетишкендиктериңиз өзүңүздүн окуу жайыңызга кайтып келгенде толугу менен таанылат жана сиздин даражаңызга чегерилет. Сиздин университетиңиз да ушул келишимге ылайык европалык студенттерди кабыл ала алат.

1 Комбинацияланган мобилдүүлүк – бул виртуалдык компонент менен физикалык мобилдүүлүктүн айкалышы, биргелешкен онлайн окутуу жана командалык иш алмашууну жеңилдетет.

Өтүнмө арыз берүү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн окуу жайыңыздын эл аралык байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.


Эразмус+ кызматташуу долбоорлору


Эразмус+ бул стипендия жана мобилдүүлүк программасы гана эмес, биздин кызматташуу долбоорлорубуз жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн Долбоордун Натыйжалары Платформасына кирип, өркүндөтүлгөн издөө функциясынан өлкөңүздү тандап текшериңиз:

https://erasmus-plus.ec.europa.eu/projects

Долбоордун түрлөрүнүн мисалдары:

Жогорку билим берүү жаатныда потенциалды жогорулатуу долбоорлору

Бул долбоорлор Европанын жогорку окуу жайларынын жана өнөктөш-аймактардын көп тараптуу өнөктөштүгүнө негизделген. Долбоорлор жогорку билим берүүнү туруктуу социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчүнө айландыруу үчүн анын актуалдуулугун, сапатын, модернизациясын жана жеткиликтүүлүгүн колдойт.


Кошумча маалымат:


ERASMUS+ программасы:
https://ec.europa.eu/programmes/erasmus-plus/about_en
Facebook: https://www.facebook.com/EUErasmusPlusProgramme
Twitter: EU Erasmus Plus: https://twitter.com/EUErasmusPlus

Европада окуу:
http://ec.europa.eu/education/study-in-europe/

Мария Склодовска Кюри атындагы иш-чаралар:
Мария Склодовска Кюри иш-чаралары боюнча сайт: http://ec.europa.eu/mariecurieactions
Facebook: https://m.facebook.com/Marie.Curie.Actions
Twitter: https://twitter.com/MSCActions

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Инфо-брошюра по программе Эрасмус:

на кыргызском: /media/uploads/2022/04/15/erasmus_2022_kg.pdf

на русском: /media/uploads/2022/04/15/erasmus_2022_ru.pdf

на английском: /media/uploads/2022/04/15/erasmus_2022_en.pdf

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар