«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
Сиз эл аралык мамилелерге кызыккан жаш бүтүрүүчүсүзбү? Дипломатиялык миссиянын иши жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Европа Биримдигинин кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын кандайча коргоп жаткандыгы тууралуу көбүрөөк билгиңиз келеби?

Көрүлдү: 0

Биз 2022-жылдын май айынан баштап, бюджет болгон шартта, ЕБ Өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүндө (PPI) жана кызматташтык бөлүмүндө (COOP) кеминде 3 айдан эң көп дегенде 6 айга чейин акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүнү сунуштайбыз.

post.title

 

Негизги милдеттер:

🔹 Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаалга мониторинг, талдоо жана отчеттуулукту жүргүзүү

🔹 Изилдөө жүргүзүү жана брифингдерди түзүү

🔹 Тышкы конференцияларга жана семинарларга, ошондой эле ЕБ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ички жолугушууларына катышуу жана алар боюнча отчет түзүү

🔹 Басма сөз, маалымат жана элдик дипломатия жаатындагы иш-чараларды жана долбоорлорду жүргүзүү.

Талапкерлер DELEGATION-KYRGYZSTAN-HR@eeas.europa.eu электрондук дарегине кайрылышы керек.

Төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

🔹 белгиленген Europass форматындагы толук резюме (CV)

🔹 стажировкага эмне үчүн катышууну каалай турганыңызды сүрөттөгөн коштомо кат

🔹 арыз формасы

Сураныч, темага кийинкини жазыңыз: Funded Traineeship – Толук аты-жөнүңүз/бөлүмдүн аты.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү – 28 февраль, 2022 ж.

PPI жана COOP талапкерлери үчүн.

Европадан жана Кыргызстандан талапкерлер каралат 😊

Кененирээк маалымат төмөнкү шилтеме боюнча:

https://eeas.europa.eu/.../funded-traineeship-young...

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар