«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
Европа Биримдиги айылдык жаштарга санариптик көндүмдөрдү бекемдөөгө жана жаңы чакырыктарга туруктуу болууга жардам берет

Көрүлдү: 573

Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” долбоорун ишке ашыруу башталды (Санарип инсан).

post.title

Долбоордун максаты - республиканын айыл аймактарында жашаган жаштарга жана аялдарга санариптик жана жашыл экономиканын иши боюнча билим берүү.

Долбоордун алкагында жаштар жана аялдар кыргызстандык жана эл аралык санариптик платформаларда, санарип капчыктарда, маалымат такталарында, маркетплейстерде өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү баштоо үчүн керектүү билим жана көндүмдөрдү алышат.

Долбоор Европалык Коңшулук Кеңеши (ENC) тарабынан «Айсок Кыргызстан Интернет Коому» коомдук бирикмеси менен биргеликте Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен ишке ашырылууда. Долбоордун мөөнөтү 30 айды түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар