«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
Европа Биримдиги Кыргызстанга билим берүүнү жана санариптештирүүнү колдоо үчүн 19,4 млн евро бөлүп берди

Көрүлдү: 1571

2021-жылдын 23-декабрында Европа Биримдиги Кыргызстандын өкмөтүнө 19,4 млн евро же 1,9 млрд сом бюджеттик жардамын которду. Каражаттар билим берүү жана санариптештирүү чөйрөлөрүнө багытталган эки грантка бөлүндү.

post.title

Билим берүү секторундагы 7,4 млн евро өлчөмүндөгү транш 2019-2021-жылдары Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүү стратегиясын колдоо үчүн Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн 32 млн евронун акыркы бөлүгү болуп саналат. Калган каражаттар 2019-жылы жана 2020-жылы которулган.

Бул стратегиянын алкагында билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы түзүлгөн, билим берүүнүн жана окуучуларды баалоо системасынын сапатын жогорулатуу боюнча чаралар кабыл алынган, мамлекеттик финансыны башкаруу жакшыртылган.

Акыркы транштын каражаттарын билим берүүнүн сапатын андан ары жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерди интернет менен камсыз кылууга жумшоо пландалууда.

Санариптештирүү чөйрөсү боюнча айта турган болсок, 12 млн евро өлчөмүндөгү транш Европа Биримдигинин 2020-2023-жылдары Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун жол картасын бюджеттик колдоо боюнча программасынын компоненти болуп саналат.

Бул программанын максаты – Жогорку технологиялар паркынын алдындагы Санариптик көндүмдөрдүн инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Санарип Аймак системасын активдештирүү, өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу, жаңыдан түзүлгөн Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтардын корголушун камсыздоо.

Бул транштын каражаттары программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтердеги маалыматтар базасын тейлөөгө, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

«Санариптик трансформация жана баарына жеткиликтүү болгон билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Бул секторлорго көмөктөшүү Европа Биримдиги республиканын өнүгүүсүн колдоорун билдирет», – дейт Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр.

Европа Биримдиги үч багытты (башкаруу жана санариптештирүү, адамдык өнүгүү, жашыл экономика) беттеген Кыргыз Республикасын колдоонун жаңы төрт жылдык программасынын алкагында бул багыттарды колдоосун улантат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар