«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Башталгыч класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы ишмердүүлүк». Усулдук колдонмо

Көрүлдү: 0

«Башталгыч класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы ишмердүүлүк» усулдук колдонмосу USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана 2021–2022-жылдары апробациядан өткөн. Колдонмодогу сценарийлер жана сунуштар ата-энелердин жана башка коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда окуу жана математика жаатында уюштурулган класстан тышкаркы иш-чаралар аркылуу башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун, ошондой эле жалпысынан ар бир окуучунун социалдык-эмоционалдык жөндөмүн жана инсан катары өнүгүүсүн колдоого багытталган. Ата-энелер менен биргелешкен иш-чаралар аркылуу балага маалымат менен кантип иштөө керектиги тууралуу көндүмдөрдү үйрөтүү, финансылык жактан сабаттуу жүрүм-турумду калыптандыруу адатын, эмоционалдык интеллектти жана эмпатияны калыптандыруу, баланы китеп окууга жана практикалык математикалык көндүмдөргө кантип кызыктыруу боюнча класстан тышкаркы иш-чаралардын, жайкы лагерлердин, изилдөө долбоорлорунун, ата-энелер чогулуштарынын сценарийлерин камтыган практикалык колдонмо.

post.title

 

Бул колдонмо Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өлкөбүздүн жалпы билим берүү мектептерининде колдонулууга сунушталган. Башталгыч класстарынын мугалимдерине, мектеп жана коомдук китепкананалардын китепканачыларына, ата-энелерге жана мектеп жетекчилигине арналган.

Усулдук колдонмо pdf форматында: 

https://edu.gov.kg/media/uploads/2023/02/03/eu_methodological_guide_kg.pdf

Бул басылма Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен басылып даярдалды.

#EU4KG

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар