«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
«Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору
Евробиримдиктин Кыргызстандын бюджетин колдоосу

Көрүлдү: 0

2020-ж. июль айында Европа биримдиги COVID-19 кесепеттерин жоюууга карата Кыргызстанга 24.8 млн евро акча которгон. Евробиримдиктен берилген жардам негизги 3 тармакка берилген. Европа биримдиги туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында Кыргызстандын улуттук бюджетин көп убакыттан бери колдоп келет. Мындай колдоо- өлкөдөгү оор шартта калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана мамлекеттин туруктуулугун сактап калууга көмөктөшөт.

post.title

ЕВРОБИРИМДИКТИН ФИНАНСЫЛЫК КОЛДООСУ КАЙДА ЖУМШАЛДЫ?

  • ММК фондунун 230 медициналык мекемеси 1346 млн.сом өлчөмүндө каржыланган.
  • COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга жардам берген ММК фондунун 71 631 медициналык кызматкерине айлык-акы төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айында – бардыгы 490 млн. сом).
  • Медициналык жабдууларды сатып алууга, дезинфекциялоо иш-чараларына жана атайы коргоочу кийимдерди сатып алууга – 640,9 млн. сом.
  • Дары-дармектерди жана медицинада колдонуучу буюмдарды сатып алууга – 205,4 млн. сом.
  • Инсулин жана курамында инсулин бар дары-дармектерди сатып алууга – 4 млн. сом.
  • КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 7 472.
  • медициналык кызматкерине айлык-акы төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы–57,5 млн. сом).
  • 210 835 адамга социалдык жардам катары пособиелер төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы–387 млн. сом);
  • 30 684 пенсионерге пенсия төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы–178,4 млн. сом).
  • Азык-түлүк сатып алууга–5,7 млн. сом.
  • Билим берүү жана илим министрлигине караштуу билим берүү мекемелеринин 17915 кызматкерине айлык-акы төлөнүп берилген (2020-жылдын июль айы–137,1 млн. сом.
  • 69 млн. сомго китептер сатылып алынган.

Инфографика: https://edu.gov.kg/media/post/attachments/Infographic_EU_budget_support_KG.1final.pdf

 

ЕВРОБИРИМДИКТИН ФИНАНСЫЛЫК КОЛДООСУ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз жарандарына кызматтарды эффективдүү жана натыйжалуу көрсөтө алган ачык-айкын мамлекеттик тутумду түзүүгө жардам берет.

Мындай колдоо - өлкөдөгү оор шартта калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана мамлекеттин туруктуулугун
сактап калууга көмөктөшөт.

Евробиримдиктин КРнын бюджетин колдоосу- пандемиядан улам каражаттык чогултуулар төмөндөп, анын натыйжасында пайда болгон социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюууга жана бюджеттик таңкыстыкты кыскартууга өбөлгө болуп берет.


ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАКЫНКЫ АРАГА МЕРЧЕМДЕЛГЕН АРАКЕТТЕРИ

Кыргыз Өкмөтү бул жылы Евробиримдик менен чогуу билим берүү жана санариптештирүү жаатында бир катар программаларды ишке ашырууну пландаштырууда.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар