Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Жѳнѳкѳй мектептин окуучулары эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү

Көрүлдү: 0

1952-жылы математикалык коомчулуктун кызыкчылыктарын чагылдырган жана алдыга жылдырган Сингапур Математикалык коому түзүлгѳн.  Бул коом таабынан мамтематикалык ѳз ара таймаштарды ѳткѳрүү үчүн Сингапур математикалык олимпиадасын уюштурушат. Олимпиада башталгыч жана жогорку класстын окуучулары жана ошондой эле баардык студентер үчүн катышууга  жол ачылган. Жылыга бул математика предмети боюнча ѳтүүчү олимпиадага  жалпы билим берүүчү мектептердин 2-11-класстарынын окуучулары 34 ѳлкѳдѳн  катышышат. Азыркы мезгилде Түштүк-Чыгыш-Азияда 2006-жылдан бери ѳткѳрүлүүчү эң ири олимпиадалардын бири.  2019-жылы бул олимпиадага 55000 ден ашык адам катышкан.

post.title

1952-жылы математикалык коомчулуктун кызыкчылыктарын чагылдырган жана алдыга жылдырган Сингапур Математикалык коому түзүлгѳн.  Бул коом таабынан математикалык ѳз ара таймаштарды ѳткѳрүү үчүн Сингапур математикалык олимпиадасын уюштурушат. Олимпиада башталгыч жана жогорку класстын окуучулары жана ошондой эле баардык студентер үчүн катышууга  жол ачылган. Жылыга бул математика предмети боюнча ѳтүүчү олимпиадага  жалпы билим берүүчү мектептердин 2-11-класстарынын окуучулары 34 ѳлкѳдѳн  катышышат. Азыркы мезгилде Түштүк-Чыгыш-Азияда 2006-жылдан бери ѳткѳрүлүүчү эң ири олимпиадалардын бири.  2019-жылы бул олимпиадага 55000 ден ашык адам катышкан.

Быйылкы жылы Сингапур Математикалык олимпиадасына жалпы дүйнө жүзү боюнча 38 мамлекеттен 33679 окуучу катышкан. Анын ичинен Кыргызстандан жалпы 50 мектептин 454 окуучусу катышып, 21 окуучу-алтын, 31 окуучу - күмүш,  59 -окуучу коло медаль алышкан. Алардын ичинен мамлекеттик орто билим берүү мекемелери 20. Андан сырткары олимпиаданын жыйынтыгы менен Бишкек жана Каракол шаарынан 2 окуучу Америкалык Иллиноис Университетинде билим алуу үчүн 50% жеңилдетүү алды.

Олимпиада SASMOнун Кыргызстандагы расмий өкүлү БИЛИМТЕК компаниясы тарабынан уюштурулган. БИЛИМТЕК - эл аралык Америкалык Copernicus жана Сингапур SASMO, SIMOC, STEAM Ahead жана AMO сыяктуу олимпиалардын Кыргызстандагы расмий уюштуруучусу жана өкүлү. Андан сырткары Билимтек жыл сайын мектеп окуучуларына STEAM тармагында конкурс жана олимпиадаларды уюштуруп келет.

Бул олимпиадага Исыкжанова Аида Акматбековна-№3 Лебединовака жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч орус классынын мугалими да ѳз классынын окуучуларын катыштырган. «БИЛИМТЕК»  инстаграм баракчасы аркылуу жарыяланган жарнамадан  билип калып Аида ѳз классынын мыкты деген 5 окуучусуна катышууга заявка алып жиберген. Октябрь айынан бери ал окуучулар менен даярдыкты жүргүзгѳн. 2021-жылдын 4-классынын 5 окуучусу март айында каттоодон ѳтүшкѳн. Олимпиада офлайн форматында ѳткѳрүлгѳн. Олимпиадада берилген тапшырмалардын 15 тест түрүндѳ жана 10 берилген тапшырмалар эркин сандык жооптор аркылуу болгон. Жалпы 25 суроодон турган. Бул тапшырмаларды аткарууга 90 минута убакыт берилген. Жыйынтык жаман болгон жок. Олимпиаданын жыйынтыгы менен №3 Лебединовака жалпы билим берүүчү орто мектебинин 1-4-классынын 5 окуучусу жакшы жыйынтыктарга ээ болушту. 4-класстын 2 окуучусу Талканбаева Саадат жана Турсуналиева Айдай коло медалына жана дипломго ээ болсо, 4-класстын 1 окуучусу Талипов Исхак эл аралык деңгээлдеги сертификатка, 4- класстын окуучусу Машалова Раяна  жана 1- класстын окуучусу Сталбеков Байыр сертификаттарга ээ болушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар