Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
ТИЛ – ДОСТУКТУН АЧКЫЧЫ

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 18-февралында 21-ФЕВРАЛЬ –ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ карата РПККЖ жана КДИнин филологиялык билим берүү кафедрасы, курстун угуучулары жана КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясы менен «ТИЛ – ДОСТУКТУН АЧКЫЧЫ» темасында адабий иш-чара жана «Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу тегерек стол болуп өттү.

post.title

          Иш - чаранын жүрүшүн филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к., проф. К.Э.Эсеналиева, КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башчысы, п.и.к. А.Б.Батыркулова  ачып, куттуктоо сөзүн РПККЖ жана КДИнин директору А.Д.Токтомаметовго берди. Андан соң КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., профессор С.К.Рысбаев, КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, ф.и.д., профессор А.Т.Турдугулов жана РПККЖ ж-а КДИнин окуу – методикалык жана илимий иштери боюнча директордун орун басары А.Ж.Шергазиев, ага окутуучу Г.Бейшеналиева Эл аралык эне тил күнүнѳ карата сѳз сүйлѳштү.

РПККЖ жана КДИнин директору А.Д.Токтомаметов ѳз белегин ар бир командага тартуулады жана А.Ж.Шергазиев ѳзүнүн “ГИМН – ѲЛКѲНҮН ЫРЫ” аттуу китебин  угуучуларга берди.

Программа боюнча 1-бөлүк кыргыз тили, орус тили  курстарынын  угуучуларынын мазмундуу, кызыктуу адабий-музыкалуу концерти менен  улантылды.  

2-бөлүк   «Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери»  деген темадагы тегерек столдо угуучулар стандарт, программа, окуу китеби, кыргыз тилине бөлүнгөн сааттар, окутуудагы көйгөйлөр, ПИЗА тестине даярдык боюнча  суроолор берилди. КББАнын  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын илимий кызматкерлери С.К.Рысбаев, А.А.Турдугулов, А.Б.Батыркулова, К.Э.Эсеналиевалар жооп беришти. Иш-чара мазмундуу, жемиштүү өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар