Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Билим берүү жана илим министрлигине башталгыч класстардын мугалимдери үчүн окуу боюнча окутуу материалдары берилди

Көрүлдү: 1203

2022-жылдын 3-мартында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтуна башталгыч класстардын мугалимдери үчүн окуу боюнча окутуу материалдарын (окуу боюнча электрондук жана басып чыгарылуучу тренингдик модулдар) өткөрүп берди.

post.title

Иш-чарага институттун директору Алмаз Токтомаметов жана долбоордун директору Лиана Гертч катышты.           

USAIDдин мурдагы «Окуу маалы» долбоорунда иштелип чыккан окуунун беш негизги көндүмдөрү боюнча модулдар «Moodle» электрондук окутуу системасынын базасындагы электрондук курс форматына адаптацияланган. Окуу жана жазуу боюнча беш алдыңкы модулдан турган экинчи курс «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында күндүзгү бөлүмдө окуу үчүн да, аралыктан окуу үчүн да иштелип чыккан. Эки курс тең башталгыч класстардын мугалимдери үчүн арналган жана башталгыч мектепте окууга жана жазууга үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын жана стратегияларын камтыйт.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору кенже класстарда окуган 300 миң окуучунун арасында окуганды жана математиканы үйрөтүүнүн жыйынтыктарын жакшыртууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта өлкө боюнча 1 686 мектепте ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар