Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Гигиена тармагында балдардын турмуштук көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

Көрүлдү: 598

2022-жылдын 24-25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда “Гигиена тармагында башталгыч класстардын окуучуларынын/мектепке чейинки курактагы (5-6 жаштагы) балдардын турмуштук көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

post.title

2022-жылдын 24-25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда “Гигиена тармагында башталгыч класстардын окуучуларынын/мектепке чейинки курактагы (5-6 жаштагы) балдардын турмуштук көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү” темасында семинар-тренинг өткөрүлдү. Онлайн жана оффлайн форматында өткөн семинарга МТБМББ жана ППСГББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, окуу бөлүмүнүн методисттери, аймактык областык институттар менен областтык билим берүү борборлорунун мектепке чейинки тарбия жана башталгыч класстык кабинетинин адистери катышышты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Ага Хан фондунун “Кыргызстандын тоолуу жамааттарынын өнүгүүсүн колдоо программасынын” алкагында билим берүү жана эрте куракта өнүктүрүү программалары тарабынан ишке ашырылууда.

Семинар-тренинг инсанга багытталган “Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү” методикасын колдонуу менен уюштурулган. Мектепке чейинки курактагы балдардын (5-6 жаш) турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында иштелип чыккан интерактивдүү ата-энелер чогулуштарынын жана практикага багытталган көнүгүүлөрдүн иштелмелери мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына жана тарбиялануучулардын ата-энелерине арналган. Ал эми башталгыч класстардын окуучуларынын турмуштук көңдүмдөрүн өнүктүрүү максатында гигиена темаларына арналган тарбиялык сааттар жана көнүгүүлөр иштелип чыккан. Бардык таркатма материалдар электрондук жана кагаз түрүндө катышуучуларга сунушталды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар