Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Мугалимдердин дараметин арттыруу багытында эл аралык кызматташуу

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 2024-жылдын 4-мартында, Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин “Өрлеу” квалификацияны жогорулатуу улуттук борбору менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнун ортосунда мындан ары жигердүү кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

post.title

Мугалимдердин дараметин арттыруу багытында

эл аралык кызматташуу

Бүгүн, 2024-жылдын 4-мартында, Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин “Өрлеу” квалификацияны жогорулатуу улуттук борбору менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнун ортосунда мындан ары жигердүү кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Кыргызстандан келген делегацияны шаңдуу тосуп алышып, “Өрлеу” квалификацияны жогорулатуу улуттук борборунун адистери төмөнкү багыттарда маалыматтарды беришти жана өз ара жандуу талкуу болду:

  1. Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарынын окуу программаларын түзүү, бекитүү, ишке ашыруу жана аларды заман талабына ылайык өзгөртүү жол-жобосу;
  2. Билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялары;
  3. Билим берүү уюмдарынын, анын ичинде педагогдордун квалификациясын жогорулаткан уюмдардын ишинин натыйжасын окуучулардын жетишкендиктери менен баалоо;
  4. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан кийинки 9 айлык усулдук коштоонун өзгөчөлүктөрү;
  5. Мугалимдердин категория маселеси жана “Устаз” кесиптик өсүү улуттук платформасы;
  6. “Педагог” кесиптик стандарты;
  7. Педагогдордун активдүүлүгү жана жекече өсүү траекториясы;
  8. “Өрлеу” квалификацияны жогорулатуу улуттук борборунун өздөрүнүн адистеринин дараметин арттыруу ж.б.

Эки мекеменин ортосундагы тажрыйба алмашуу 2024-жылдын 8-мартына чейин уланмакчы. Эртеңден баштап алдыңкы бала бакчалардын, мектептердин, жаңы муундагы билим берүү борборлорунун, ошондой эле Назарбаев университетинин иш тажрыйбасы менен жакындан таанышуу ишке ашмакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар