Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда квалификацияны жогорулатуу курстары өтүлдү

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 19-20-февралында Тоң районунун мугалимдери үчүн Тогуз-Булак мектебинин базасында квалификацияны жогорулатуу курстары өтүлдү Семинарда функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, STEM, STEAM предметтерди окутуу, сабак өтүүдөгү практиканын ролу, канткенде мыкты мугалим боло алам, өзүн таануу, натыйжалуу менеджмент жана мектептин иш кагаздары багытындагы тренингдер, талкуулар абдан жандуу өтүлдү.

post.title

2024-жылдын 19-20-февралында Тоң районунун мугалимдери үчүн Тогуз-Булак мектебинин базасында квалификацияны жогорулатуу курстары өтүлдү
Семинарда функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, STEM, STEAM предметтерди окутуу, сабак өтүүдөгү практиканын ролу, канткенде мыкты мугалим боло алам, өзүн таануу, натыйжалуу менеджмент жана мектептин иш кагаздары багытындагы тренингдер, талкуулар абдан жандуу өтүлдү.
Квалификацияны жогорулатуу курстарына Тоң районундагы мектеп директорлору, директорлордун орун басарлары, кыргыз тил, математика, музыка мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышкан.
Курстун тренерлери КР ББИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин директору, п.и.к., доцент Токтомаметов Алмазбек Даткабекович, Шергазиев А.Ж., Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Асанакунов Т.А., ТИМББ кафедрасынын доценти Баетов А.К., Информатика, технология жана искусство кафедрасынын башчысы Дуйшеналиева Ж.С. алып барышты.
Иш-чара Тогуз-Булак мектебинин бүтүрүүчүсү, учурда КР Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери Садыров Мураттын демилгеси менен уюштурулган.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү ссылканы басыңыз - https://youtu.be/9_9EXMYo5Os?si=aQ2RsuJqIfr6cXMUhttps://youtu.be/9_9EXMYo5Os?si=aQ2RsuJqIfr6cXMU

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар