Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевнага  Кыргыз  Республикасынын  Президенти  С.Н. Жапаров тарабынан “ Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылды.

Көрүлдү: 0

Республикалык  педагогикалык  кызматкерлердин   квалификациясын   жогорулатуу  жана кайра даярдоо институтунун,  филология билим берүү  кафедрасынын  профессору  Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевнага  Кыргыз  Республикасынын  Президенти  С.Н. Жапаров тарабынан “ Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылды.

post.title

Кенжеке Эсеналиевна бул наамга  билим берүү  тармагындагы  көп жылдык  үзүрлүү эмгеги,  чыгармачылык ишмердүүлүгү  жана  окуучулардын билим сапатын  жогоруулатуудагы  жетишкендиктери үчүн  бул наамга татыктуу болду. Өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндө көп жылдардан бери күн тынымын, түн уйкусун билбей, окуучулар, мугалимдер деп чарк көпөлөк айланып, эртеңки келечек деп элеп - желеп болуп мээнеттенип, жаңы табылгаларды жаратып, түзүп, аларды агартууга жайылтып келе жаткан  мугалим.  Кенжеке Эсеналиевнанын ак эмгегинин үзүрү төмөнкүдөй сыйлыктар менен белгиленген: Кыргыз Республикасынын «Агартуу отличниги», Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси, КР «Профсоюз кызматкерлеринин отличниги», 10 дон ашык Кыргыз ССРинин Борбордук Комсомол комитетинин жана КР БбИМнин, КР Кыргыз Билим берүү академиясынын(КББА) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун (РПККЖ жана КДИнин) көптөгөн «Ардак грамоталары»;  Пилоттук орто  мектептердин 5-6-класстарынын окуучуларынан күтүлгөн натыйжаларга жетишүүсү предметтик стандарттардын талаптарынын деңгээлине дал келүүсүн текшерүү жана мониторинг жүргүзүү, өнүктүрүү боюнча сыноо аспаптарын негизги талапка ылайык жогорку деңгээлде иштеп чыккандыгы үчүн   КР БбИМ «Ыразычылык кат»;   ЮСАИДдин «Окуу керемет» – долбоорунда Улуттук тренердик кызматы үчүн АРДАК ГРАМОТАСЫ (2022-ж. Март айы); КР Аялдар Конгресси  тарабынан «Лидер» алтын тѳш белгиси; Жетиген журналынын «КЫРГЫЗДЫН МЫРЗАЙЫМЫ» Диплому (2021-ж); Таджикстандын Душанбе шаарында «Восток и запад»- фестивалында (26-20-октябрь 2019-ж) илимий доклад окулгандыгы үчүн Диплому; КР Аялдар Конгресси чыгарган «Женшины Кыргызстана» аттуу энциклопедияга педагогикалык менин ишмердиги тууралуу  портрети басылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар