Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту
2023-2024-жаңы окуу жылына карата даярдыктар

Көрүлдү: 0

Бүгүн 16-августа Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо интитутунун жалпы жааматына институттун директору, Джунушалиева Калыйбүбү Кенешбековна, 2023-2024-жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча жыйналыш өткөрдү.

post.title

Жыйналышта төмөндөгү маселелер каралды:

  • Институттун кайсыл багытта иш алып барууга багыт алуусу боюнча билүү жана педагогикалык кызматкерлердин муктаждыгын аныктоо  максатында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылып,  жыйынтык менен  жалпы жааматты тааныштырды. Сурамжылоо  12-июль айында  башталып 11-августка чейин өткөрүлдү. Сурамжылоого 5583 педагогикалык кызматкер катышты;
  • Окуу методикалык комплексти жаңылоо жана структураларын аныктоо боюнча тапшырмалар берилди;
  •  Институтта ички жана тышкы жашылдандырууга өтө чоң маани берилүүдө. Ар бир кабинет, балкон, коридорлорду жашылдандыруу маселелери каралды.

Институттун  окуу методикалык иштер боюнча  директордун орун басары, Жоошбаев Нурбек Кочкорович,  август кеңешмесине  карата даярдыктар маселесин талкуулады. 2023-окуу жылына кайра даядоо бөлүмү ачылып 200 адам окууга кабыл алынгандыгын белгиледи.   Билим берүү министирлигинин 2025-2040-жылга карата планынын  негизинде институтка берилген тапшырмалар  тиешелүү кафедраларга  аткарууга жүктөлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар