Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Ош областы боюнча « Китеп – кербени» акциясы аяктады

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий-методикалык борбордун демилгеси менен 2022-жылдын февраль айынан тарта «Китеп сүйгөн жаштар» акциясы башталган. Бул акциянын алкагында «Китеп кербени» акциясы Ош областынын бардык кесиптик лицейлерин кыдырып чыкты.

post.title

    Акциянын негизги максаты китеп окуу маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана окурмандардын активдүүлүгүн жогорулатуу, окуучулар арасында китеп окууну жайылтууга шарт түзүү жана китеп окууга болгон сүйүүсүн ойготуу болуп саналат.

    Лицейден лицейге эстафетаны өткөрүү графикке ылайык өткөрүлүп, окуучуларга китеп окууга 10 күн берилди.

    Старттын башталышы Ош шаарындагы №16 лицейде болуп, андан ары акция Ош областынын бардык лицейлери аркылуу уланып, Ош областынын Араван районундагы Тоо-Моюн айылында жайгашкан №65 КЛ менен аяктады.

    2022-жылдын 14-июнунда бул акциянын эстафетасы Ош областынын №65 кесиптик лицейинен Баткен районунун №8 лицейине салтанаттуу түрдө тапшырылды. №65 кесиптик лицейдин студенттери жана ИПК кызыктуу концерттик программа даярдашып, өздөрү окуган китептери тууралуу маек куруп, ырларды окуп, Ч.Айтматовдун повестинен үзүндүлөрдү көрсөтүштү.

    Чыгармачыл инсандар: М.Тайболотова жана балдар жазуучусу Ч.Арыкбаева менен жолугушуу уюштурулуп, алар балдарга таалим  сөздөрүн айтышып, өтүп жаткан «Китеп кербени» акциясынын зор маанисин белгилешти жана мындан тышкары өздөрүнүн ырларын окуп, китептин ролу тууралуу айтып беришти.

     Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлү, директордун орун басары А.Н. Саттарова балдарга чыгып, сөз сүйлөдү, ошондой эле бул иш чарага Тоң Моюн   айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, “Глобал-Гармент” тигүү фабрикасынын өкүлдөрү, китепканачылар, иш берүүчүлөр катышышты, анда айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Н.М.Осмонов «Китеп-кербени» акциясы райондун бардык китепканаларынын кызматкерлери тарабынан колдоого алынганын, мындан аркы сапары улана берерин белгиледи.

    Иш-чаранын жүрүшүндө №8 лицейдин эмгек жамаатына жана окуучуларына түрдүү жанрдагы китептер салынган куржун тапшырышты.

“Китеп кербени” акциясы мындан ары Баткен областындагы БКББ системасынын  окуу жайларынын арасында  уланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар