Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Чүй областы боюнча « Китеп – кербени» акциясы аяктады

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий-методикалык борбордун демилгеси менен 2022-жылдын февраль айынан тарта «Китеп сүйгөн жаштар» акциясы башталган. Бул акциянын алкагында Чүй облусунун бардык кесиптик лицейлеринде “Китеп кербени” иш-чарасы өткөрүлдү.

post.title

    Акциянын негизги максаты китеп окуу маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана окурмандардын активдүүлүгүн жогорулатуу, окуучулар арасында китеп окууну жайылтууга шарт түзүү жана китеп окууга болгон сүйүүсүн ойготуу болуп саналат. Лицейден лицейге эстафетаны өткөрүү графикке ылайык өткөрүлүп, окуучуларга китеп окууга 10 күн берилди.

    Бул акция Чүй областынын Сокулук районундагы Жаңы жер айылында жайгашкан №43 лицейде башталды. Ага №43 лицейдин командасы жана окуучулары катышты. Ачылыш флешмоб менен башталды.

   Акцияны КР Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары К.Шадыханов жана РИМБдин директору А.Карабаев ачып, лицейдин окуучуларына түрдүү адабияттарды тапшырышты.

    Графикке ылайык эстафетаны кезектеги тапшыруу №114 лицейге, андан соң Шопоков шаарындагы №106, Беловодск шаарындагы №28 лицейге жана башкаларына өткөрүлүп, акция Чүй областына жайгашкан 14 лицейдин бардыгын кыдырып чыкты. Тегерек столдо эстафетаны өткөрүүдө классиктердин чыгармалары, көркөм адабият, бул китептердин авторлору, бул китеп эмне жөнүндө экени, кандай суроолор сизди ойлондуруп турат жана бул китеп сизге эмнени үйрөттү дген суроолор талкууланды.

    Лицейлердин окуучулары концерттик программа көрсөтүшүп, белгилүү авторлордун ырларын окушту, лицейдин окуучулары окуган китептери тууралуу гана эмес, К.Баялиновдун «Ажар» повестинен (№28 КЛ), А.С. Пушкин «Евгений Онегин» Ч.Айтматовдун «Жамиля» повестинен (№102 КЛ). үзүндүлөрдү көргөзүшсө, №105 КЛнын студенттери «Энеге болгон кусалык» чыгармасынан эне жөнүндө монологду окушту, Ч.Айтматовдун «Мүйүздүү бугу эне» повестинин негизинде сахналаштырылган спектаклди коюшту, №1 КЛдин студенттери китепке арналган гимнди   аткарышты.   Көрүнүктүү  жазуучулар жана алардын чыгармалары тууралуу слайд көрсөтүлдү. Райондун бардык лицейлеринде лицейдин окуучулары классиктердин чыгармаларын тартуулоо менен чектелбестен, бул китептердин максаттарын да ачып беришти.

 № 47,37,23,56,61,49 лицейлердеги акция да абдан кызыктуу жана маңыздуу өттү.

    «Китеп кербени» акциясы областтын кесиптик лицейлери аркылуу салтанаттуу түрдө уланып, Кемин районунун Алтымыш айылында жайгашкан №19 КЛда  аяктады.  

     2022-жылдын 28-июнунда майрамдык маанайда бул акциянын эстафетасы Чүй районундагы №19 лицейден Ысык-Көл районундагы No22 лицейге тапшырылды. №19 кесиптик лицейдин окуучулары жана ИПК кызыктуу концерттик программа даярдап, окуган китептери тууралуу маек куруп, ыр окуп, комуз чертип, элдик ырларды, бийлерди аткарышты.

        Кыргыз Республикасынын белгилүү жана чыгармачыл инсандары Роза Айтматова, Асан Ахматов, Токтосун Самудинов менен жолугушуу уюштурулуп, алар коштошуу сөздөрүн айтышып, өтүп жаткан “Китеп кербени” акциясынын зор маанисин белгилешти.

     «Китеп — бул эмгек акы албаган жана ыраазычылык сурабаган  мугалим. Ар бир көз ирмем сизге даанышмандыктын ачылыштарын тартуулайт”,-деп сөзүн А.Навоинин сөзү менен баштаган РИМБдин  директору А.Карабаев, бул акцияны ишке ашырууда алдыга коюлган максаттардын жана милдеттердин маанисин мүнөздөдү.

    Иш-чаранын жүрүшүндө №22 лицейдин эмгек жамаатына жана окуучуларына түрдүү жанрдагы китептер салынган куржун  тапшырышты. “Китеп кербени” акциясы эми Ысык-Көл облусунун кесиптик лицейлеринин арасында  уланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар