Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Китеп кербени Ысык-Көл областына сапар алды.

Көрүлдү: 0

«Китеп кербени» акциясы республиканын кесиптик лицейлеринин ичинде өз жүрүшүн салтанаттуу улантууда.

post.title

    2022-жылдын 28-июнунда майрамдык маанайда бул акциянын эстафетасы Чүй районундагы №19 лицейден Ысык-Көл районундагы 22 лицейге тапшырылды.

    №19 кесиптик лицейдин эмгек жамааты жана окуучулары кызыктуу концерттик программа даярдашты. Кыргыз Республикасынын белгилүү жана чыгармачыл инсандары Роза Айтматова, Асан Ахматов, Токтосун Самудинов менен жолугушуу уюштурулду.

    Алар чыгып, окуучууларга насаат сөздөрүн айтышып, өтүп жаткан “Китеп кербени” акциясынын зор маанисин белгилешти. «Китеп — бул эмгек акы жана ыраазычылык сурабаган мугалим.

    Ар бир көз ирмем сизге даанышмандыктын ачылыштарын тартуулайт”,-деп, сөзүн А.Навоинин сөзү менен баштаган РИМБдин директору А.Карабаев бул акцияны ишке ашырууда алдыга коюлган максаттардын жана милдеттердин маанисин мүнөздөдү.

    «Китеп кербени» акциясы эми Ысык-Көл областынын башталгыч кесиптик билим берүү лицейлерине уланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар