Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
ОНЛАЙН ДОКУМЕНТАЦИЯ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТ ЖҮГҮРТҮҮГӨ КИРИШҮҮ

Көрүлдү: 624

2022-жылы 22- июндан 1-июлга чейин РИМБде директорлордун окуу-өндүрүштүк усулдук иштери боюнча орун басарлары үчүн «Онлайн документация жана электрондук документ жүгүртүүгө киришүү» темасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курсу болуп өттү.

post.title

Курстун катышуучулары :  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын директорлордун окуу-өндүрүштүк усулдук иштери боюнча 21 орун басары катышты. 

         Курстун максатыдокументацияны башкаруунун онлайн куралдарын изилдөө, колдонуу жана электрондук документ жүгүртүү үчүн платформаларды иштеп чыгуу.


                        Курстун негизги милдеттери:

    Көндүмдөрдү үйрөнүү: - кагаз түрүндөгү варианттардан баш тартуу жана убакытты үнөмдөө максатында лицейдин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө документтерди иштеп чыгуу жана тариздөө үчүн Google аккаунтунун онлайн инструменттерин (google drive, google dogs, classroom) колдонуу;

- документацияны борборлоштуруу үчүн тармактык дискти туташтыруу жана аны интернеттин иштешине  карабастан лицейдин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;

 - Outlook почта кызматы аркылуу маалыматтарды шифрлөө;

- кабыл алуу комиссиясынын ишинин жүрүшүндө электрондук документ жүгүртүү платформаларын жана абитуриенттердин арыздарын онлайн кабыл алууну колдонуу.

    Квалификацияны жогорулатуу курсун аяктагандан кийин директордун ОӨУИ боюнча орун басарлардын иш тажрыйбасын жана ишмердүүлүгүн алмашуу боюнча маселелер, окуу процессин уюштуруу жана окуу пландоо документтери менен иштөө каралат. Ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш алып баруу жана электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү каралат.   

 Квалификацияны жогорулатуу курсун аяктагандан кийин орун басарларга мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар