Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
БИЗНЕС ЖАНА ИШКЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗДЕРИ

Көрүлдү: 701

2022-жылдын 19-майынан 28-майына чейин Республикалык илимий-методикалык борбордо «Бизнес жана ишкердүүлүктүн негиздери» предметинин окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өтүүдө.

post.title

Квалификацияны жогорулатуу курсуна Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун БКББ окуу жайларынын 21 өкүлү катышууда.

Курстун максат: Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү жана калыптандыруу процессинде ишкердиктин практикасына жана өзгөчөлүгүнө негизделген предметти куруу, ишкердик чөйрөсүнүн негизги түшүнүктөрүн жана мыйзамдарын окуу жана аудиторияда колдонуу; ишкананын ишинин негизги көрсөткүчтөрүн талдоо жана бул маалыматтардын негизинде бизнести өнүктүрүүнүн ийгилиги жөнүндө жыйынтык чыгаруу үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү.

   Квалификацияны жогорулатуу программасына төмөнкү темалар киргизилген: 

         1.БКББ ОЖ ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук  документация 

2.  Бизнес жана ишкердүүлүктүн негиздери предметин окутуу методикасы   

3.  Модуль № 1.    Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес

4.  Модуль  2.      Маркетинг

           5.   Модуль № 3.  Ишкердүүлүктүн укуктук негиздери

           6.  Модуль № 4.  Бизнести пландаштыруу

           7.  Окууларда колдонуучу окутуу каражаттары 

Катышуучулар курстун практикалык сабагынын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан №98 КЛга барып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин уюштурулушу жана окуу-пландаштыруучу документация менен таанышышты.  

Курстун аягында катышуучуларга окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар