Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
БКББ системасында тарбиялык процесстин натыйжалуулук ыкмалары жана заманбап жолдору

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий-методикалык борбордо 21-апрелден 29-апрелге чейин БКББ окуу жайларынын директорлорунун орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу курстары өтүп жатат, курстун темасы: «БКББ системасында тарбиялык процесстин натыйжалуулук ыкмалары жана заманбап жолдору»

post.title

   Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй областтарынан жана Бишкек шаарынан 22 угуучу катышууда.

   

     Курстун максаты: квалификациясын жогорулатуу курстарынын угуучуларынын  кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, студенттердин кесипке ээ болуу мотивациясын калыптандыруу, тынымсыз кесиптик өсүү жана андан аркы карьера куруу, өз максаттарына жетүү жана өзүн-өзү ырастоо, коомдук активдүүлүк, коомдук турмуштун ар кандай багыттары боюнча жигердүү практикалык катышуу зарылчылыгын өнүктүрүү.

Квалификацияны жогорулатуу программасына төмөнкү темалар киргизилген:

1. БКББ системасындагы окуу-тарбия иштерин жөнгө салуучу ченемдик документтер

2. БКББнын  окуу жайындагы тарбия иштеринин окуу-пландоо документтери

3. БКББ ОЖлардын  тарбия иштерин уюштуруу жана мазмуну

4. БКББнын окуу жайларында кесипке багыт берүүнү уюштуруудагы жаңы ыкмалар

5. Студенттер менен иштөөдөгү психологиялык-педагогикалык аспектилер.

   

     Окуу курсунун жүрүшүндө иш тажрыйба алмашуу максатында Бишкек шаарындагы №17 КЛге барышып, курстун катышуучулары окуу жай менен таанышып, окуу процессин жана окуу пландоо документациясын уюштуруу боюнча тарбия иштери боюнча орун басардын иш тажрыйбасын жана ишмердүүлүгүн алмашуу маселелерин талкуулашты, өндүрүштүк окуунун устаттары чач тарачтарга жана визажисттерге мастер-класстарды өткөрүштү.

    Окуу аяктагандан кийин студенттерге квалификациясын жогорулатуу курстарын аяктагандыгы тууралуу сертификаттар берилет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар