Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
"Китеп кербени" акциясы уланууда

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан “Китеп сүйгөн жаштар” акциясы уланууда. Лицейден лицейге «Китеп кербени» эстафетасын узатуу 18-апрелде Жайыл районунун Кара-Балта шаарында болуп өттү, анда № 102 жана № 105 кесиптик лицейлердин жетекчилери менен окуучуларынын жолугушуусу болуп өттү.

post.title

 

Иш-чаранын катышуучуларынын жолугушуусу абдан кызыктуу өттү. №102 кесиптик лицейдин директору Аскар Бакеев Аскар бул акция өз убагында жүргүзүлүп жатканын жана канчалык маанилүү экенин, окуучулар китепканага барчу жолду унутуп бара жатышканын белгиледи.  

Лицейдин окуучулары окуган китептери тууралуу презентация жасап, бул китептердин авторлору, китептер аркылуу эмнени билдиргиси келгенин айтып беришти. Окуучуларды А. Пушкиндин «Евгений Онегини», Ч. Айтматовдун «Жамийласы», Л. Толстойдун «Кавказ туткуну» көбүрөөк арбап алганы айгине болду.

Бул иш-чарага РИМБдин өкүлдөрү да катышышты. Чүй областы боюнча куратор, жетектөөчү адис Г. Абдрасулова, РИМБдин китепкана башчысы Н. Чойбекова лицейдин окуучуларына дүйнөлүк адабият классиктеринин китептерин белекке беришти.

Лицейдин окуучулары өз колдору менен жасаган улуттук буюмдардын көргөзмөсүн уюштурушту.  

“Китеп кербени” эстафетасы Кара-Балта шаарындагы №105 кесиптик лицейге өткөрүлүп берилди. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар