Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
"Китеп кербени" акциясы уланууда

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан “Китеп сүйгөн жаштар” акциясы уланып жатат.

post.title

    «Китеп кербени»  эстафетасын лицейден-лицейге  9-апрель күнү Москва районунун  Беловодское айылында өттү, анда  № 28 жана № 102 кесиптик лицейлеринин жетекчилери жана окуучуларынын  ортосунда  жолугушуу болуп өттү.

    Иш чаранын катышуучуларынын жолугушуусу абдан кызыктуу өттү.   № 28 кесиптик лицейинин директору  Чагарбаев Сагынбек Кудайбергенович чыгып, сөз сүйлөдү.

        Лицейдин окуучулары окуган китептери туурасында гана айтып бербестен, К. Баялиновдун  «Ажар» повестинен үзүндү көргөзүштү, комузда ойноп, элдик ырларды, бийлерди аткарышты.Тегерек столдо классиктердин чыгармалары, көркөм адабият, бул китептердин авторлору, эмне туурасында экендигин талкуулашты. Бул китеп эмне туурасында, эмненин үсүтүнөн ой жүгүртүү керек деген суроолорго жооп беришти. 

«Китеп кербени» эстафетасы   Кара-Балта шаарындагы № 102 кесиптик лицейге берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар