Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
"Өз дарагыңды отургуз" акциясы уланууда

Көрүлдү: 0

Азыркы учурда республиканын бардык аймактарында кесиптик лицейлердин окуучуларынын жана инженердик-техникалык кызматкерлеринин күчү менен « Өз дарагыңды отургуз» акциясы өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күнү 15 миңден ашык бак отургулузулду

post.title

       2022-жылы 9-апрелде Ысык-Көл областынын кош-Көл айылында жайгашкан №85 кесиптик лицейдин эмгек жамааты жана окуучулары тарабынан  « Өз дарагыңды  отургуз»  акциясы өткөрүлдү.  Акция   флешмобдон башталды, анда окуучулардын көркөм чыгармачылыгы көргөзүлдү.  Кесиптик лицейлердин окуу тайпаларынын арасында ар кандай сынактар өткөрүлдү, өндүрүштүк окуу устаттарынын ортосунда мастер класс уюштурулду.

    «Бакдөөлөт» фонду  тарабынан бөлүнүп берилген   250  даана абрикос отургузулду.  Ошондой эле бул фонд тарабынан    «Турмуш сабактары» темасына семинар уюштурулду.

     Бул акцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү    А. Абдыракманова, Республикалык илимий-методикалык борборунун директору   А. Карабаев,   ««Бакдөөлөт»  фондунун өкүлдөрүЫсык-Көл райондук администрациясынын аппараты, Тамчы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышышты.

    Бул   акция  биздин  Республика үчүн маанилүү кадам, келечекте бул өсүмдүктөрдүн көбөйүшүнө, экологиянын жакшырышына, эң башкысы – жаштарды эмгекти сүйүүгө, өз мекенине болгон  сүйүү жана жоопкерчиликке тарбиялоого зор салымын кошот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар