Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
"Өз дарагыңды отургуз" акциясы

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 2-апрелинде Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин, Башталгыч кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Абылкасымовдун, РИМБдун директору А.Карабаевдин, РИМБдун кызматкерлери, №43 кесиптик окуу-жайдын окуучулары жана кызматкерлерин, айыл өкмөтүнүн, «Чексиз дарыгерлер» эл аралык донорлорунун катышуусунда «Өз дарагыңды отургуз» акциясы болуп өттү.

post.title

Акцияда бардыгы болуп  300 түп  алманын, алмуруттун, кара өрүктүн көчөттөрү отургузулду.

 

Акциянын максаты- өлкөнүн экологиялык системасын жакшыртуу, ошондой эле окуучулардын жаратылышка жана эмгекке болгон жеке мамилесин калыптандыруу, өндүрүштүк ишмердүүлүк процессинде активдүү турмуштук позицияга тарбиялоо болуп саналат.

«Өз дарагыңды отургуз» акциясы Республиканын  бардык баш талгыч кесиптик окуу-жайларында  уланууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар