Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
БКББ билим берүү мекемелеринде автоматташтырылган маалыматтык системаларды киргизүү

Көрүлдү: 0

БКББ ОЖлардын ОӨУИ боюнча директорлордун орун басарларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу, бул үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу, электрондук документ жүргүзүүнү иштерин уюштуруу.

post.title

2022-жылдын 14-февралынан 22-февралына чейин Республикалык илимий - методикалык борбордо баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларындагы директорлордун Окуу өндүрүштүк жана усулдук иштери боюнча орун басарлары үчүн “БКББ билим берүү мекемелеринде автоматташтырылган маалыматтык системаларды киргизүү” темасында квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.

Курстун катышуучулары :  Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын областтарынын жана Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин ОӨУ иштери боюнча директорлордун орун басарлары.

Курстун максаты:  БКББ ОЖлардын ОӨУИ боюнча  директорлордун орун басарларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу, бул үчүн  автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу, электрондук документ жүргүзүүнү иштерин уюштуруу.

 Курстун көлөмү -72 саат

Курстун негизги милдеттери:

  1. Иш катты  түзүүнүн негизги ыкмаларын өздөштүрүү.
  2. Электрондук таблицалар менен иштөөнүн негизги көйгөйлөрүн өздөштүрүү.
  3. Интернетке чыгууну үйрөнүү жана браузер-программасынын жардамы менен сайттарга кирүү.
  4. Керектүү маалыматтарды табуу, мисалы бул учурда    Google издөө системасын колдонуу.
  5. Социалдык тармактарда жеке баракча түзүү, социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу. 
  6. Кеңсе технологияларынын каражаттары менен зарыл болгон электрондук өнүмдөрдү иштеп чыгуу.
  7. Электрондук документ жүргүзүү ыктары. 

Квалификацияны жогорулатуу курсу аяктагандан кийин ОӨУ иштери боюнча директордун орун басарларынын ишинде жана  ишмердүүлүгүндө тажрыйба алмашуу маселеси, окуу процессин жана окуу-пландаштыруучу документацияны уюштуруу иштери каралат.  Ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык системаны  колдонуу менен иштөө жана электрондук документ жүгүртүүнү өздөштүрүшөт. Квалификацияны жогорулатуу курсу аяктагандан кийин РИМБ сертификаттары берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар