Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Окурман жаштар акциясы

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 9-февралында Республикалык илимий-методикалык борбор “Китеп окуган жаштар” акциясын баштады.

post.title

2022-жылдын 9-февралында Республикалык илимий-методикалык борбор “Китеп окуган жаштар” акциясын баштады. Бул акциянын алкагында «Китеп кербени» уюштурулду, ал республиканын бардык кесиптик лицейлерин кыдырып чыгат. 

Акциянын максаты – окуу маданиятын жогорулатуу жана окуу активдүүлүгүн өстүрүү, окуучулардын арасында китеп окууну өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү жана китепти сүйүүгө шыктандыруу.   

Акциянын ачылышы Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары К. Шадыханов, РИМБдин директору А. Карабаевдин катышуусунда Чүй областынын Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы 43 кесиптик лицейде болду. Иш-чаранын жүрүшүндө алар ар кайсы жанрдагы китептер салынган куржунду аталган лицейдин жамаатына жана окуучуларына тапшырышты.

 

Акция республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп, “Китеп кербени” эстафетасын берүү графигине ылайык бир лицейден экинчи лицейге берилип турат.  

2022-жылдын 16-февралында бул акция өлкөнүн түштүгүндө да башталат, аны Ош шаарындагы №16 кесиптик лицей баштап берет. 

Акция аяктагандан кийин жетекчилер менен лицейлердин окуучулары тегерек столдо жолугушуп, окуган китептерин талкуулашат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар