Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесипке даярдоо окуу жайларында өндүрүштүк окутууну уюштуруу жана методикасы

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор (РИМБ) БКББнын билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт. Бекитилген план-графикке ылайык 07-февралдан 16-февралга чейин «Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесипке даярдоо окуу жайларында өндүрүштүк окутууну уюштуруу жана методикасы» деген темада БКББ системасында өндүрүштүк окутуунун мастеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө

post.title

 

 

            Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор (РИМБ) БКББнын  билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт.  Бекитилген план-графикке ылайык 07-февралдан 16-февралга чейин «Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесипке даярдоо  окуу жайларында өндүрүштүк окутууну уюштуруу жана методикасы» деген темада БКББ системасында өндүрүштүк окутуунун мастеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө.  

 

Курстун узактыгы   эки жума - 72 сааттык көлөмдө.

Окутуунун формасы - күндүзгү (офлайн формат).

Угуучулардын саны - 20 адам.

 

Курстун максаты: Түзөтүү мекемелери алдындагы   кесипке даярдоо окуу жайларында окуутуу процессинин сапатын жана эффективдүү уюштурууну жогорулатуу.

Курстун программасында:

- КЛдин устатынын  ченемдик-укуктук жана жөнгө салуучу  документтери;

- пенитенциардык мекемелерде долбоорлоо жана ишке ашыруу боюнча педагогикалык иш-чаралар;

- коомдук пайдалуу эмгекке аң-сезимдүү мамилени тарбиялоодо жаза аткаруучулардын инсандык  психологиясы.

Окуу программасын өздөштүрүүнүн натыйжасында өндүрүштүк  окуунун устаттары өндүрүштүк окууну уюштуруунун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле, угуучулар Бишкек шаарындагы №17, №4, №93 лицейлердин өндүрүштүк окутуу боюнча  ачык сабактарына катышып, өндүрүштүк окутуу чеберлери менен тажрыйба алмашышат, катышкан сабагына анализ берүү схемасын өздөштүрүшөт.

 

 Практикалык сабактардын жүрүшүндө угуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүшөт:

•  Өндүрүштүк окутуу устатынын өндүрүштүк окутуу сабагына даярданышы;

• Өндүрүштүк окутуу сабагынын структурасы, окутуу ыкмалары жана каражаттары;

• Окутуунун натыйжаларын баалоодо жаңы ыкмалар;

Сабакты И.Арабаев атындагы КМУдан чакырылган адистер жана РИМБдин  башкы адистери өткөрүшөт. 

Окуу аяктагандан кийин РИМБ тарабынан квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификат берилет

 

Ошондой эле РИМБдин базасында 7-февралдан баштап IDEA долбоору менен биргеликте «Коопсуз сергек жашоо мүнөзү» (мындан ары – КСЖМ) предметинин мугалимдери үчүн «Коопсуз сергек жашоо мүнөзү» предмети боюнча методикалык колдонмонун жаңыланган мазмуну менен таанышуу» деген темада экинчи курс өткөрүлүп жатат.

Курстун узактыгы   эки жума - 72 сааттык көлөмдө. Курс пилоттук лицейлер менен модулдук- топтоочу  формада өтөт (мезгилдүү уланат).

Окутуунун формасы күндүзгү (офлайн формат).

Угуучулардын саны - 25 адам.

 

 Курстун максаты: сергек жашоо мүнөзү  предмети боюнча мугалимдердин потенциалын интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу менен окутууну жакшыртуу жана сабактардын сапатын жогорулатуу.

Курстун программасында:

- өспүрүмдөр жана жаштар кимдер;

- менталдык ден соолук;

- гендер, ден соолугу, социалдашуу жана жүрүм-турум;

- өспүрүмдөрдүн репродуктивдүү саламаттыгы;

- коммуникация көндүмдөрү жана конструктивдүү диалог куруу;

- Жоопкерчиликтүү жүрүм-турум жана ден соолук.

Сабакты IDEA долбоорунун жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун машыктыруучулары өткөрүүдө. Курсту өткөрүүдөгү финансылык чыгымдарына  IDEA долбоору колдоо көрсөтүүдө

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар