Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
«Анадолу» кыргыз-түрк кесиптик кыздар лицейинде “Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын жыйынтыктоо» иш-чарасы болуп өттү

Көрүлдү: 0

2021-жылдын 7-декабрында «Анадолу» кыргыз-түрк кесиптик кыздар лицейинде “Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын жыйынтыктоо» иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара окутуучулар жана окуучулар тарабынан уюштурулган.

post.title

2021-жылдын 7-декабрында «Анадолу» Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинде лицейдин  окутуучулары жана окуучулары тарабынан уюштурулган “Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын жыйынтыктоо» иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төөлөсбай Абылкасымов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, "Саякбай-Манасчы" эл аралык коомдук фондунун төрагасы Рыспай Исаков, “Манас таануу” интеллектуалдык ток-шоусунун алып баруучусу Нурбек Талантбеков ж.б. катышышты.  

Салтанат  эки  өлкөнүн гимнин ырдоо менен башталды. Андан соң окуу жайды таанытуу видеосу сунушталды. Бул видеодон кесиптик лицейдин канчалык деңгээлде активдүү иш алып барып жатканын көрүүгө болот. Окутуучулардын сапаттуу билим алууга, ар тараптуу өнүгүүгө жасаган аракеттерин көрүп отурган көрүүчүлөр ыраазы болушту. Андан кийин лицейдин жетекчилиги Адиль Гезер жана Рина Токтоноева Риналар келген меймандарга, окуучуларга жана мугалимдерге ыраазычылык билдирип, келген меймандарга сөз беришти.

Иш-чарада эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бардык жактан чагылдырууга аракет көрүлдү. Катышуучулар кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде ата мекен тууралуу ырларды көркөм окуп, кыргыз, түрк элдик бийлерин бийлешти.

Иш-чараларга активдүү катышкандарга баалуу белектер, ардак грамоталар, ыраазычылык каттары тапшырылды.   

 

Аягында окуучу кыздар өз колдору менен бычып, тиккен кийимдердин дефилеси болду. Мында кыздар улуттук кийимдерди, классикалык жана кечки көйнөктөрдү тигишип, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Кесиптик лицейди аяктаган кыздар түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, аны менен бирге бир кесипке ээ болуп чыгышат. Эки элдин кызматташтыгынын алкагында бул окуу жайдын ачылып калганы жана кыздарга сапаттуу, ар тараптуу билим берип, өнөрдүн каалгасын ачып берип жатканы кубандырбай койбойт. Өзгөчө кыздардын тиккен кийимдеринен уюштурулган дефиле буга күбө.

Ошентип, иш-чара салтанаттуу маанайда жыйынтыкталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар