Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Өндүрүштүк окутуу устаттарынын жана кесиптик окутуучулардын чоңдорду окутуу боюнча билимдерин жогорулатуу курсу өткөрүлдү

Көрүлдү: 317

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор баштапкы кесиптик билим берүү системасындагы өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана кесиптик окутуучулардын чоңдорду окутуу боюнча билимдерин жогорулатуу курсун өткөрдү.

post.title

Эки апталык, 72 сааттык окутуу курстары бекитилген план-график боюнча 2021-жылдын 16-25-декабрында Бишкек шаарындагы РИМБнын базасында «Чоңдорду окутуунун жаңы ыкмалары» программасынын алкагында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары тарабынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ага жалпы 25 адам катышты.

Курстун максаты: чоңдорду окутууда эффективдүү жана интерактивдүү көнүгүүлөрдү аткаруунун негизинде өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана кесипкөй окутуучуларынын компетенцияларын жогорулатуу.

 Курстун маселелери:

  1. Чоңдорду окутуунун теориялык жана практикалык маселелерин талкуулоо
  2. Чоңдордун окуу муктаждыктарын аныктоо көндүмдөрүн өздөштүрүү
  3. Окуучулардын, студенттердин жана чоңдордун ортосундагы окутуунун айырмачылыгы
  4. Кесиптик башталгыч билим берүүдө чоңдорду окутуунун ыкмаларын практикада колдонуу.

Курстун программасы төмөнкү түшүнүктөрдөн турат:

  •  Андрагогия дисциплина катары.
  • Чоңдордун окуусунун глобалдык контексти.
  • Чоңдорду окутуудагы мотивация жана тоскоолдуктар.
  • Интеллектин көптүгү (Ховард Гарднер).
  • Андрагогдун компетенциясы.
  • Чоңдорго билим берүүдө баарлашуунун мүнөзү.
  • Чоңдор үчүн окутуу ыкмалары.

Ошондой эле курстун угуучулары Бишкек шаарындагы КЛ№18 базага барып, жаңы төрт өндүрүштүк багыт боюнча жаңы технологиялык жабдуулар жана чондорду окутууну уюштуруунун тажрыйбаларын көрүшөт.

Угуучулардын курстагы күтүүлөрү канааттандырылып жатат жана курс аяктаганда угуучулар РИМБдын сертификатын алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар