Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курстары

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим Министрлигине караштуу Республикалык илимий – методикалык борбор(РИМБ) жыл сайын Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчи жана инженердик –педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрөт. Бекитилген план боюнча 22 ноябрдан 27 ноябрга чейин жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлдү

post.title

 

 

Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын  жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курстары 

 

    Билим берүү жана илим Министрлигине караштуу Республикалык илимий – методикалык борбор(РИМБ) жыл сайын   Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын  жетекчи жана инженердик –педагогикалык кызматкерлеринин  квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрөт.  Бекитилген план боюнча  22 ноябрдан 27 ноябрга чейин жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлдү

Курстагы сабактарды Коргоо минстирлигинен, ички иштер министрлигинен  жана Улуттук коргоо кызматынан, Дене тарбия академиясынан  чакырылган адистер өткөрүүдө. Курстун негизги багыты- жаштарга патриоттук тарбия берүү, терроризм менен күрөшүү, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укутук бузуулар, мыйзамды бузганда укуктук жоопкерчилик жөнүндө маалыматтар берилди.

Окутуунун узактыгы бир жума- 36 саат. Окутуу -   күндүзгү офлайн  формасында жүргүзүлдү. Угуучулардын саны- 27 киши.

Курстун максаты: Баштапкы кесиптик билим берүүнү модернизациялоо шартында жаштарды аскерге чейинки даярдоо жетекчилеринин жумушунда жаңы кесиптик компетенцияларды өздөштүрүү жана кесиптик чеберчилигин өстүрүү.   

Курстун программасы:

  • ЖАЧД жетекчилеринин Нормативдик- укуктук документтери;
  • Окуу процессин пландоо;
  • ЖАЧД негизги маселелери жана сабакты өткөрүү методикасы;
  • Окуучуларды патриоттуулука тарбиялоо;
  • “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”мыйзамы;
  • Терроризм менен күрөшүү;
  • Коопсуздук ченемдери жөнүндө инструкциялар;

 

Кой –Таштагы аскердик бөлүмдүн полигонунун базасында жаштарды согуштук даярдыка үйрөтүү боюнча практикалык окуулар пландаштырылган:

- аткылоочу даярдыктар;

- химиялык даярдыктар ;

- топографиялык жана инженердик даярдыктар.

 

         Курс аяктаганда  угуучулар практикалык иштеринин жыйынтыгы боюнча курстан өткөндүгүн тастыктоочу РИМБ сертификатын  алышат.

Ошону менен бирге 11 октябрдан 21 октябрга чейин Бишкек шаарында 27 октябрдан 3 ноябрга чейин Ош шаарында РИМБ Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын жаш методисттерине арналган 72 саат көлөмдөгү  квалификациясын жогорулатуу курсун  өткөрдү. Курстар Курсы проходили  по теме: «БКББ системасында методикалык жумушту уюштуруу жана жакшыртуу” деген программада өткөрүлдү. Өткөрүлгөн курстардын негизги максаты билим берүү иш аракетин ишке ашыруу жана методисттин кесиптик иш –аракетинде зарыл болгон компетенцияларды актуалдаштырууга жана  жакшыртууга багытталган.

 

Курстарды өткөрүүдө  көчмө семинарлар КЛ№43 базасында Жаны- Жер айылында уюштурулган,  угуучулар бул жерде окутуунун  компетенцияга багытталган модулдук технологиясы жана органикалык айыл чарбасынын технологиялары менен таанышышты.                                  Бишкек шаарындагы КЛ № 99 базасынан жагымдуу ыңгайлуу шартты көрүштү.  Ош шаарындагы  КЛ № 16 , №12, №113 базасы менен таанышышты жана өндүрүштүк окутуу боюнча ачык сабактарга катышып анализдөө ыкмаларын үйрөнүштү .

 

 

 

 

 

 

 

 

Сабактар аяктаганда методисттер, методисттин жумушундагы окуу пландоочу документациялар, окутуу процессинин уюштурулушу боюнча тажрыйбаларын көрүп пикир алышышты.

 

Курс аяктаганда угуучуларга РИМБ дин  сертификаты 38- методистке тапшырылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар