Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан уюштурулган айлыкты жыйынтыктоо боюнча салтанаттуу иш чарасы.

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 -жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган айлыкты жыйынтыктоо максатында 2021-жылдын 10-декабрында саат 11.00до Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрдү

post.title

 

 

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан уюштурулган  айлыкты жыйынтыктоо боюнча салтанаттуу иш чарасы.

 

              Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  жана  илим министрлиги    «Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын

32 -жылдыгына карата  билим берүү тармагында жарыялаган  айлыкты жыйынтыктоо  максатында 2021-жылдын 10-декабрында саат 11.00до Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрдү. 

            Аталган иш-чарага КР Президенттик  Администрациясынын, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, КР Министрлер Кабинетинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, республиканын бардык аймагынын мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү мектептеринин, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын  мугалимдери, окутуучулары  катышышты.

    Иш-чара  9.30да башталып, катышуучулар алгач  Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия менен жакындан таанышып, саякат жасашты. Медицинага эбегейсиз зор салым кошкон өмүрү өрнөк инсандар жөнүндө  музейден маалымат алып, мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда медакадемияда жасалып жаткан  иш-аракеттер тууралуу маалымат алышты. Тарыхый мааниси бар туунун жанында эстеликке сүрөткө түшүштү.

    Андан соң 7 облус, 2 шаардын мамлекеттик тил адистери мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу даярдап келген материалдары  менен  иш-чаранын катышуучуларын тааныштырышты.

              Иш-чаранын салтанаттуу бөлүмү жалпы катышуучулардын аткаруусундагы КР Мамлекеттик Гимндин аткарылышы менен ачылды. Бул аткаруунун бир артыкчылыгы – залда отургандар өз үндөрү менен гимнди өздөрү ырдашты.

 Иш чараны Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдраева Айгүл Төлөковна ачып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында аткарып жаткан иштерге токтолду. Жалпы активдүү катышкандарга ыраазычылык билдирип,  бүт өмүрүн кыргыз тилин өнүктүрүүгө арнап келген ардагер тилчилерди куттуктады.  Ардагер мугалимдер сахнага чакырылып, баалуу белектер тапшырылды.

Андан соң бир айлык сынакка активдүү катышкан финалисттер жана активдүү катышкан окуу жайлар, калыстар тобунун мүчөлөрү баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Бул салтанаттуу иш чарага Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынан да кыргыз тилден сабак берген мугалимдер катышышты. №4 КЛ кыргыз тил мугалими Жыргал Жукаева, №5 КЛ кыргыз тил мугалими Саадат Жайчибекова, №97 КЛ кыргыз тил мугалими Аскарова Айнура, №100 КЛ кыргыз тил мугалими Элзат Абыласан кызы ж.б. Бишкек шаарынан келсе, Токмок шаарындагы кесиптик лицейден Садыкова Бурул, №28 КЛ кыргыз тил мугалими Усеналиева Назгүл, №102 КЛ кыргыз тил мугалими Мадалиева Гүлайым ж.б. келип, иш чарадан шыктануулар менен кайтышты.

 

Бала бакчадан келген жеткинчектердин эне тили туурасында көркөм окуган ырлары, №53 бала бакчанын Манастын төрөлүшүнө карата койгон театралдаштырган оюну ар бир катышуучуну толкундантып, шатыраган кол чабуулар менен коштолду.

 

   Иш-чаранын маданий бөлүмүнүн бир өзгөчөлүгү  чыгармачыл кыргыз тилчилердин  аткаруусундагы жагымдуу обондордун жаңырышы болуп саналат. Жалпы катышуучуларга Улуттук программанын алкагында басылып чыккан китептер таркатылды.

 

             Иш-чара  бардык санитардык-гигиеналык талаптарды  сактоо жана аткаруу менен өткөрүлдү.

 

       

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар