Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Бишкек шаарындагы № 94 кесиптик лицейдин базасында квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү (пед.минимум)

Көрүлдү: 0

5- 14 июнь күндөрү Бишкек шаарынын № 94 кесиптик лицейинин базасында "Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларында окутуунун мазмуну жана методикасы" темасында квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү.

post.title

Бул курс баштапкы кесиптик билим берүү системасында окутууну уюштуруу, методикасы жана мазмуну боюнча өндүрүштүк окутуу мастерлеринин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Программа төмөнкү темаларды камтыйт:

  • БКББ ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер;
  • Билим берүү процессин долбоорлоо жана ишке ашыруу боюнча педагогикалык иш-чаралар;
  • Окутуу натыйжаларын баалоо;
  • Заманбап чакырыктагы педагогика;
  • Педагогикалык менеджмент;
  • Окуучулар менен иштөөдөгү психологиялык-педагогикалык аспектилер;
  • Санариптик сабаттуулук
                                                  

Сабактардын жүрүшүндө лекциялык сабактардан тышкары, тогуз күндүн ичинде угуучуларга практикалык сабактар өткөрүлүп, анда теориялык материалдардан алган билимдери бекемделди.

                                             

Ошондой эле окуу процессине байланыштуу угуучуларды кызыктырган маселелер талкууланды.

Курстун аягында 37 угуучу ийгиликтүү аяктап, сертификаттар тапшырылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар