Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Ош шаарында ага устаттар жана электрширетүүчү кесиби боюнча өндүрүштүк окутуунун устаттарына квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү.

Көрүлдү: 0

Ош шаарынын № 16 кесиптик лицейинде 10-апрелинен 17-апрелине чейин Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын ага устаттарынын жана электрширетүүчү кесиби боюнча өндүрүштүк окутуу устаттарынын кесиптик билимин жогорулатуу курсу болуп өттү.

post.title

         Ага устаттар жана өндүрүштүк окутуу устаттары үчүн “Өндүрүштүк окутуунун инновациялык ыкмалары”, “Өндүрүштүк   окутуунун устаттарынын кесиптик көндүмдөрүн жана компетенцияларын өркүндөтүү” программасында 72 саат көлөмдө төмөндөгү темалар боюнча лекциялар окулду.

  • Өндүрүштүк окутуу устаттарынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документтер;
  • Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;
  • Педагогикалык ишти уюштуруу;
  • Окуучулар менен иштөөдөгү психологиялык-педагогикалык 

аспектилер;

  • Кесипке багыт берүүгө жаңы ыкмалар;
  • Методикалык иштерди уюштуруу;
  • Педагогика жана тарбиялык иштерди уюштуруунун методдору ж.б.

          Бул лекцияларды РИМБдин деректорунун орун басары  Саттарова Алымкан,Ош МУнун мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институнун директору, педагогика илимдеринин кандидаты ,доцент Жороев Ташболот жана психология илимдеринин кандидаты, доцент  Жолдошова Акчач Олмасовна окушту.

          Ал эми электрширетүүчү кесиби боюнча өндүрүштүк окутуунун устаттары “Барс групп ЛТД” ишканасында тажрыйба алмышып, жаны ыкмалар менен таанышып практикалык иш жүргүзүштү. Курстун аягында иштеген иштери боюнча баалоо жүргүзүлдү.

 

      

          Курс ийгиликтүү аяктап, Кыргыз  Респубиликасынын Билим берүү жана илим министрлигинин БКББ башкармалыгынын начальниги Гулнур Мамырованын каштышуусу менен   курстун угуучуларына сертификаттар тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар