Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Өндүрүштүк окутуунун устаттары үчүн “Өндүрүштүк окутууну уюштуруу жана методикасы" темасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү.

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин  өндүрүштүк окутуунун устаттары үчүн “Өндүрүштүк окутууну уюштуруу жана методикасы" темасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү. Курстун максаты: Башталгыч кесиптик билим берүү системасында өндүрүштүк окутууну уюштуруу, методикасы жана мазмуну боюнча өндүрүштүк окутуунун устаттарынын квалификациясын жогорулатуу. Окууга  Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынан жалпы 27 устат катышып, өз билимдерин тереңдетишти.

post.title

 

Квалификацияны жогорулатуу курсунун программасына төмөнкү темалар киргизилген:

  • Өндүрүштүк окутуунун устаттарынын ишин жөнгө салуучу  ченемдик-укуктук документтер;
  • Окутуу процессин долбоорлоо жана ишке ашыруу боюнча педагогикалык иш-чаралар;
  • Өндүрүштүк окутуунун устаттарынын ишиндеги тарбиялык аспектилер;
  • Өндүрүштүк окутуу устаттарынын  методикалык иштери;

Ошондой эле психология жана педагогика боюнча лекциялар окулду.

 Квалификацияны жогорулатуу курсу өтүп жаткан мезгилде өндүрүштүк окутуунун устаттары иш тажрыйба алмашуу боюнча Бишкек шаарынын 10, 20 КЛ болуп, окуу-пландоочу документтери менен таанышып, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын мастер класстарына күбө болушту.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар