Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Башталгыч кесиптик окуу жайларынын директорлорунун билимин жогорулатуу курсу болуп өттү.

Көрүлдү: 0

2023 жылдын 13 февралынан 21 февралына чейин БКББ окуу жайларынын директорлорунун билимин жогорулатуу курсу болуп өттү. Анда жетекчилердин заманбап билим берүү системасындагы кесиптик компетенциялары, жана жаңы кесиптик стандарттарды жайылтуу темасы каралды.

post.title

Курстун жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды:

- БКББ жайларынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документтер;

- Башкаруу жана анын компоненттери;

- Билим берүү тармагындагы  маалыматтык технологиялар;

- Стратегиялык онүгүү планын иштеп чыгуу

- Жетекчинин финансалык сабаттуулугу

-  КР  мамлекеттик башкаруунун негиздери 

Курс откөрүү мезгилинде БКББнын директорлору Кыргыз Республикасына караштуу Ж.Абдрахманов  атындагы башкаруу академиясында болушуп,  ректор , ф.и.к. профессор А. Акматалиев “ КР мамлекеттик башкарунун негиздери” боюнча окуган лекциясын угушту.

Ошондой эле, тажырыйба алмашуу үчүн Бишкек шааарындагы № 99 жана № 91 кесиптик лицейлерде болушуп, алардын иштери жана материалдык техникалык базалары менен таанышышты.

 

Курс аяктагандан кийин БКББ бөлүмүнүн башчысы Мамырова Гульнур Джекшебаевнанын катышуусу менен курстун угуучуларына квалификациясын жогорулаткандыгы туралуу сертификаттар  тапшырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар