Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Республикалык илимий-методикалык борбору 25-январдан  3-февральга чейин «Өндүрүштүк окутуунун инновациялык методдору» деген темада Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларынын улук мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрдү.

Көрүлдү: 0

Курстун максаты: - өндүрүштүк окууну, өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана өткөрүү боюнча улук мастерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу; - социалдык өнөктөштүк аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу Курстун катышуучулары: Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын улук мастерлери.

post.title

 

 

Квалификацияны жогорулатуу программасына төмөнкү темалар киргизилген:

1. Окуу жайда өндүруштүк окууну пландаштыруу

2. Билим берүү процессин ченемдик укуктук документтер менен  камсыздоо

3. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү

4. Өндүрүштү колдоо жана сапатын камсыз кылуу

5.Башталгыч билим берүү мекемелеринде кесипке багыт берүүгө жаңы ыкмалар

6. Методикалык иштерди уюштуруу

7. Улук мастерлердин ишиндеги тарбиялык аспектилер

Ошондой эле, 2023-жылдын 30-январында Бишкек шаарындагы №91 Кесиптик лицейдин базасында семинар уюштурулуп, улук мастерлеринин пландоо документтери менен таанышышты, окуу жайдын базасы менен таанышып, өндүрүштүк окуу сабактарына катышышты. Лабораториялык жана практикалык сабактарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө окуу  жайлардын ортосунда тажрыйба алмашуу болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар