Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
2023-жылдын 11-январында ЕБ DigiKonush кесиптик лицейлердин администрациясы жана мугалимдери үчүн тренинг өткөрүлдү.

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 11-январында ЕБ DigiKonush долбоорунун алкагында  айылдык жаштарды жана аялдар уюмдарын шаар менен айыл калкынын ортосундагы санариптик ажырымды кыскартууга колдоо көрсөтүү боюнча «Санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын айыл жамааттарында ачык келечекти куруу» кесиптик лицейлердин администрациясы жана мугалимдери үчүн тренинг өткөрүлдү.

post.title

              Бул тренинг инновациялык жана санариптик технологияларды жана ушул окуу предмети боюнча «Ишкердиктин жана бизнестин негиздери» курсун адаптациялоо үчүн мугалимдерге жана кесиптик лицейлердин администрациясына керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Окуу модулу төмөнкүлөргө багытталган:
1) инновациялык жана санариптик технологияларды колдонуу менен «Ишкердиктин жана бизнестин негиздери» курсунун негизги түшүнүктөрүн, концепцияларын жана окутуу моделдерин, ошондой эле санариптик ишкердикти өнүктүрүүгө жаңы ыкмаларды өздөштүрүү;
2) салттуу “Ишкердиктин жана бизнестин негиздери” курсун заманбап экономиканын жана аны санариптик трансформациянын керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу үчүн жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алуу.

Окуу мөөнөтү: 4 күн
Тренинг форматы: тренерлер үчүн тренинг
Тренингдин катышуучулары: Кесиптик лицейлердин жетекчилери жана «Ишкердиктин жана бизнестин негиздери» курсунун окутуучулары».


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар