Республиканский научно-методический центр
Республиканский научно-методический центр
Республикалык илимий- методикалык борбору, Башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы китепканачылардын билимин жогорулатуу боюнча курс өткөрүүдө.

Көрүлдү: 0

Республикалык илимий- методикалык борбору, Башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы китепканачылардын билимин жогорулатуу боюнча курс өткөрүүдө. Курс 2022-жылдын 5-декабрынан 13-декабрына чейин И.Арабаев атындагы КМУнун базасында уюштурулду. Тема : ”БКББ окуу жайларынын китепканаларынын ишин заманбап уюштуруу” Максаты: - Квалификацияны жогорулатуу курсунун негизги максакты лицей китепканасынын ишин жүргүзүүдө китепканалык кесиби жок китепканачылардын кесиптик компетенциясын жогорулатып, китепканада жүргүзүлүүчү заманбап китепканалык жаңы методдорду, алдынкы иш тажрыйбаларды, китеп ишин башкаруу-менеджмент жана маркетинг кызматтарын өздөштүрүү болуп эсептелет. - китепканалык-маалыматтык иштин теориясы менен таанышуу, китепкана иши боюнча мамлекеттик маанидеги негизги нормативдик документтерн менен таанышуу, лицей китепканаларынын ишин жүргүзүүдөгү актуалдуу проблемалар- жаңы маалымат технологияларды колдонуу менен окурмандарга дүйнөлүк маалымат ресурстарына эркин кирип колдонууну камсыздоо.

post.title

Курстун катышуучулары:

Иссык-Көл, Таласс облустарынан жана Бишкек ш. 27 башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын кипепканачылары катышты.

     

Курста ”Кыргыз Республикасынын билим берүү боюнча мыйзамы”, Кыргыз Республикасынын Китепкана иш жөнүндө мыйзамы”, ”Жалпы билим берүү мекемелеринин уставы”жана китепканаларда жана маалымат технологияларды колдонуу менен окурмандарды тейлөө боюнча  окутулду.

     

Курстунжүрүшүндө  тажрыйба алмашуу боюнча  А.О. Осмонов атындагы Улуттук китепкандада, К.Баялинов, Ч. Айтматов атындагы китепканда болушту.

      Билимди жогорулатуу курсу аяктагандан кийин угуучуларга Сертификат берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар