Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгы
Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгы
Кыргызстандын мектептерине 2,6 млн сомдук окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар берилди

Көрүлдү: 998

2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь баасы 2,6 млн сомдук окуу эмеректерин жана техникалык жабдууларды Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарына өткөрүп берүү аземине катышты.

post.title

Кытай Элчилигинин финансылык колдоосу менен республиканын ар кайсы аймактарындагы 15 мектеп үчүн окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар сатылып алынган. Атап айтканда:

- 360 комплект окуу партасы отургучтары менен;

- 30 комплект мугалимдин столу отургучтары менен;

- 30 китеп шкафы;

- 30 класстык такта жана 7 интерактивдик такта;

- 7 лазердик проектор.

Б. Купешев жалпы билим берүүчү уюмдарга материалдык-техникалык жардам түрүндө Кыргыз Республикасына берген кезектеги жардамы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге министр сапаттуу билим берүү үчүн Кыргызстандын мектептери бардык зарыл заманбап жабдуулар жана окуу эмеректери менен жабдылууга тийиш экенин белгиледи.   

Өз кезегинде Ду Дэвэнь кыргыз-кытай мамилелерин жана эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын натыйжаларын жогору баалады.

Иш-чаранын соңунда тараптар бул багыттагы кызматташтыкты улантып, республиканын алыскы аймактарында жайгашкан муктаж мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чогуу аракеттенмей болушту.

Жыйынтыгында Б. Купешев жана Ду Дэвэнь өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актына кол коюшту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар