Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу

Көрүлдү: 0

Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу

post.title

       Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу     Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу

Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, жыл сайын мамлекеттик заказ аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу жүзөгө ашыруу жана кызматкерлердин теориялык жана практикалык билимдерин, өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн көндүмдөрүн жаңыртуу максатында, кошумча кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен  квалификацияны жогорулатуу максатында 2 айлык кыска мөөңөтүү окутуу 2023-жылдын 3- апрелинен тартып баштады.

Кыска мөөнөттүү окутуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте жүргүзүлдү. Борбордук аппараттын кызматкерлери толугу менен тартылат. 8 группага 15 кишиден окууга жиберилет.

1-группа 2023-жылдын 3-апрелинен 11-апрелине чейин окутулуп, ар бир мамлекеттик кызматчыга 18 сааттык курсту өтүп келгендиги тууралуу сертификат берилди.

2-группа 15 кызматчыдан турган тизме такталды, 2023-жылдын 17-апрелинен 22-апрелине чейин окуу улантылмакчы.

Төмөнкү темалар окутулат:

  1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"

          Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларын иштеп чыгуу боюнча нускама;

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тууралуу.

 

2022-жылдын 23-майында № 948/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары  жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, алдыда боло турган иш- чара Акыркы коңгуроого  карата бүгүнкү күнгө “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине: 23 талапкерге,  Ардак грамотага: 34 талапкерге сыйлоо материалдар каттоодон өтүп аталган  бөлүмгө  келип түштү.

Учурда  келип түшкөн сыйлоо материалдарды комиссиянын кароосуна алып чыгуу үчүн иштер жүрүүдө. Комиссиянын кезектеги отуруму 2023-жылдын 15-майында өткөрүлмөкчү.

Ал эми калган келип түшкөн сыйлоо материалдар алдыда боло турган Мугалимдер күнүнө (октябрь) жана Илим күндөрүнө (ноябрь) каралат.

 

3.      Аттестация.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 11 – беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 169 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, мамлекеттик кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайык келишин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоо максатында  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  Ысык-Көл жана Нарын облустарынын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык  кызматчыларынын аттестациясын өткөрүү боюнча мамлекеттик кызматчылардын сапаттык курамы такталып, Ысык-Көл облусу боюнча 21, Нарын облусу боюнча 19 мамлекеттик кызматчылар аттестациядан өтө тургандыгы такталды. Учурда жобонун талаптарына ылайык,  тизме, өздүк делолорду жаңыртуу, ирээтке келтирүү иштери жүрүүдө жана буйруктун долбоору даярдалууда.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар