Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУ 2022-ЖЫЛДЫН 2-СЕНТЯБРЫНА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ

Көрүлдү: 886

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жождорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.

post.title

Сынакка этникалык кыргыздар: Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

Ошондой эле 2022-жылдын 2-сентябры саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Керектүү документтер:
1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине котормосу менен.
2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.
3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.
4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор (бар болсо).
5. 086-у медициналык маалымкат.
6. АИВ/КИЖС жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө жокко чыгарылат!

Кабыл алуу аяктагандан кийин (2022-жылдын 2-сентябры саат 23:59) келип түшкөн арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.

Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.

Кируу сынактары(компьютердик тестирлөө) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында 2022-жылдын 7-8-сентябрында өткөрүлөт.

Конкурска катышуу тууралуу маалыматтар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497,+996(707)070395 телефондору аркылуу берилет. 

Ошондой эле катышуу тууралуу суроолорду icipd.moes@gmail.comэлектрондук дарегине жиберсеңиз болот.

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!!!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар