Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк Билим берүү жана илим министрлигинин демилгелерин колдоого даяр

Көрүлдү: 1076

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШга иш сапарынын жүрүшүндө Вашингтон шаарында Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (Global Partnership for Education) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууда Кыргыз Республикасында билим берүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, мигранттардын балдарына жана башка максаттуу топторго мектептик билимди жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди алууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алыскы жана чек арага чектеш райондорундагы мектептерине басым жасоо менен мектептерди STEM предметтери боюнча лабораториялык жабдуулар менен жабдуу маселелери талкууланды.

Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын жакшыртууга кызыкдар экенин, министр сунуштаган демилгелерди колдоого, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын модернизациялоого 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасынын потенциалын күчөтүүгө кошумча 1 млн АКШ долларын бөлүп берүүгө даяр экенин билдирди.  

Бул багыттагы сүйлөшүүлөр улантылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар