Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү колдоого кошумча каражат бөлүүгө даяр

Көрүлдү: 1100

2022-жылдын 6-майында АКШга иш сапары учурунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү: Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча чөлкөмдүк директору Татьяна Проскурякова, Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлүк программалык координатору Саша Т.Джумен жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук кеңешчиси Хусейин Абдул-Хамид менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн Министрликтин жогорку билим берүү жаатындагы учурдагы демилгелери жана пландары менен тааныштырды.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү азыркы учурда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан Министрликтин “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорун белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Дүйнөлүк банк Министрликтин демилгелерин колдоого жана Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү колдоого кошумча финансылык каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар