Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Билим берүү жана илим министри Европа инвестициялык банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Көрүлдү: 1379

2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Европа инвестициялык банкынын Борбордук Азияны насыялоо боюнча операцияларынын башкы кеңешчиси Адам Брун башында турган ЕИБнын өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

А. Брун Евробиримдиктин банктык бөлүгү болуп саналган ЕИБнын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал ЕИБ Борбордук Азиядагы социалдык-экономикалык инфраструктурага, жеке менчик сектордун өнүгүшүнө жана климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде А. Бейшеналиев кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар