Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро бөлөт

Көрүлдү: 1030

2022-жылдын 6-апрелинде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду.

post.title
Аталган макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат.
 
Европа Биримдигинин жардамы Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга көмөктөшүүгө багытталган.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар