Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Алмазбек Бейшеналиев менен Соната Н. Коултер билим берүү жаатындагы кызматташтыкты арттырууну макулдашышты

Көрүлдү: 1454

2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н. Коултер жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушту.

post.title

Министр Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөдө англис тилин жайылтууга кошкон көп жылдык салымы үчүн АКШ Элчилигине ыраазычылык билдирди.

А. Бейшеналиев билим берүүдө чет тилдердин, анын ичинде англис тилинин, ролун күчөтүү маанилүү экенин, анткени көптөгөн алдыңкы билимдерди окуучулар чет жактык булактардан англис тилинде ала алышарын белгиледи. Ошондой эле министр быйыл Кыргызстанга азыраак ыктыярчы жөнөтүлгөнүн, бирок Министрлик өлкөнүн билим берүү уюмдарында англис тилин окутуу үчүн АКШдан көбүрөөк сандагы ыктыярчыларды тартып келүүгө кызыкдар экенин айтты.

Өз кезегинде Соната Н. Коултер билим берүү ЮСАИДдин миссиясынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын билим берүү уюмдарында англис тилин окутууну уюштурууга кызыгуу күч экенин белгилеп, бул маселеде министрликке көмөктөшүүгө, ошондой эле англис тилин жайылтууга багытталган башка да биргелешкен демилгелерди кароого даяр экенин айтты.

Андан тышкары АКШ Элчилигинин өкүлдөрү быйыл чындыгында эле азыраак ыктыярчы тартылганын, Министрликтин жардамы менен Элчилик көбүрөөк ыктыярчы тартып келүүгө даяр экенин маалымдашты.   

Министр АКШ Элчилигинин өкүлдөрүнө биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн рахмат айтып, Тынчтык Корпусунун ишин жогору баалай тургандыгын белгиледи.

Кыстара кетсек, Тынчтык Корпусунун алкагында АКШнын ыктыярчылары Кыргызстандын мектептеринде англис тилин окутуп жатышат.    

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жаатында кызматташууну жигердүү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар