Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
“Сейтек” борбору үн жана жарык берүү жабдууларын сатып алат

Көрүлдү: 1093

“Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору көп жылдан бери Япония Элчилигинин “Үн жана жарык берүү системаларын жакшыртуу долбоору” боюнча “Маданият жаатындагы чакан масштабдуу гранттык жардам” гранттык программасына катышып келген. Акыры “Сейтек” борборунун көп жылдан берки кыялы орундалды.

post.title

2022-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жогоруда аталган гранттык программанын алкагында “Сейтек” борборунун үн жана жарык берүү системаларын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык келишимге кол коюу аземи болду.

Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова жана министрликтин башка жооптуу кызматкерлери катышышты.

Гранттык келишимге Япониянын Элчиси менен “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова кол коюшту.

Аталган долбоордун алкагында “Сейтек” борборунун концерттик залы үчүн жалпы суммасы 66 577 АКШ долларын түзгөн үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынат.

“Сейтек” борборунун концерттик залына үн жана жарык берүү жабдууларын орнотуу маданий иш-чаралардын, окуу иш-чараларынын, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар