Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Министр А. Бейшеналиев Йемендин жаңы элчиси М. Алабаши менен жолукту

Көрүлдү: 1033

2022-жылдын 16-мартында йемен тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиевдин резиденциясы Исламабад шаарында жайгашкан Йемен Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М. Алабаши менен жолугушуусу болду.

post.title

А. Бейшеналиев тажрыйбалуу дипломат М. Алабашини Йемендин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары иштеп башташы менен куттуктап, келечекте жемиштүү кызматташа турганына ишенерин билдирди.

Жолугушуу маалында эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызыкчылыкты камтыган артыкчылыктуу багыттар боюнча билим жаатындагы кызматташтыкты түзүү жана активдештирүү үчүн мүмкүн болгон маселелер талкууланды.

Жолугушуунун соңунда министр кыргыз тарап өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу болгон багыттар боюнча йемен тарап менен кызматташууга даяр экенин ырастап, элчиге мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар