Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НУРА ГОЛЛИЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 876

20-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нура Голлиев менен жолугушту.

post.title

Алгач министр Догдуркүл Кендирбаева элчи Нура Голлиевди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоого билим берүү аркылуу салым кошууга чакырды.

Жолугушууда мектептерде жана ЖОЖдордо эки өлкөнүн маданий баалуулуктары, көрүнүктүү инсандары жөнүндө лекцияларды уюштуруу, билим берүү уюмдарын санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн айыл чарба технологияларын окутуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар жолугушуунун соңунда сунуш жана демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар