Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КЫРГЫЗ-ОРУС МЕКТЕПТЕРИНИН КУРУЛУШУН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 2141

29-февралда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Орусия Федерациясынын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыштар департаментинин кеңешчиси Иван Соломоненко жетектеген Орусия Федерациясынын делегациясы менен жолугушту.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаеванын 
жетекчилиги алдында 9 билим берүү уюмунун курулушуна даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүлдү. Орусия тараптын өкүлдөрү иштин техникалык майда-бараты (деталдары) жөнүндө айтып беришти. Тактап айтканда, алар мектептер бирдиктүү дизайнда жана бирдей инфраструктурада боло тургандыгын белгилешти.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүү уюмунун биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн тактады.

Кеңешменин жыйынтыгында эки өлкөнүн долбоорун этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар